super.kg logo

Коюу кара түтүн, жалындаган өрт, товарынан санаа тарткан соодагерлер. Өрт чыккан "Орто-Сай" базарынан сүрөт, видеолор

 

9-ноябрга караган түн, саат 02:30дан өттү. Бишкектеги "Орто-Сай" базарынын тегерегинде түн ортосу экенине карабастан эл көп. Басымдуу бөлүгү аталган базарда иштеген соодагерлер. Алар базарда өрт чыккандан улам товарларынан санаа тартып келишкен.

Өрт түнкү саат 12ден өткөндө чыкканын ӨКМ маалымдаган болчу. Аны өчүрүүгө алгач 3 бригада тартылса, кийин дагы экөө кошулду. Тилсиз жоо орун алган аймакты өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары өз көзөмөлүнө алды, мындан тышкары ИИМдин кызматкерлери да ал аймакты курчоого алууга тартылышкан. Журналисттерди кырсык орун алган аймакка киргизишкен жок, сырттан караганда өрт базардын орто ченинен чыккандай. ӨКМ саат 02:16да өрт курчоого алынганын билдирген. Учурда мында өрт өчүрүү иштери уланууда.






"Орто Сай" базарында абал кандай?

"Орто Сай" базарындагы өрт өчө элек

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
09.11.2020. 08:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кап, и так эле эл зорго турат эле, кымбатттап баары. Соодагерлерге деле кыйын болуп атат мынтип. Товарлары куйбосо экен эми, банкрот болушат.
09.11.2020. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эмне себептен чыкты болду экен өрт? Бизге кеңири сабак болуу керек ушул кырсык...баарыбыз үйлөрүбүздү,иш ордубузду өрт коопсуздугун карап иреттейли,алдыда кыш келе жатат кылычын алып...ар бирибиз өзүбүзгө сак мамиле жасап, этияттаналы!
Aida-11 түзөттү 2020-11-09 09:26:49
09.11.2020. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ош базарга окшоп атайы орттоп чон соода борбор салбайт бекен.
09.11.2020. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ош базардын сценарийи башталдыбы
09.11.2020. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул өрт черныйларга доля төлөбөй койгондорунан атайын чыгарылган өрт, дана факт эле болуп турат, өрт башталгыча эле охрана билмек, бул спланировано, азыр криминал башын көтөргөн убак, так что пока өкмөт күчтүү болмоюнча бул улана берет, еще көрөсүңөр дагы мындайларды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: