Роза Отунбаева АКШнын жаңы президенти Жозеф Байденди жеңиши менен куттуктады

Кыргыз өлкөсүнүн утурумдук өкмөтүнүн төрайымы Роза Отунбаева АКШнын жаңы президенти Жозеф Байденди жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы жеке баракчасына жазды.
"Урматтуу Жо Байден сизди шайлоодогу жеңишиңиз менен чын дилимден куттуктайм", - деп жазган Отунбаева.
Ошондой эле ал Кыргыз өлкөсү дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндөй эле, жаңыча мамиле баштоону күтүп жатканын кошумчалаган.
АКШда 3-ноябрда президенттик шайлоо өтүп, Жо Байден шайлоодо жеңип чыкканы маалымдалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
1

