super.kg logo

Садыр Жапаровдун аймактарга иш сапары уланууда. Ал өлкөнүн түштүк аймагынан кийин Нарын облусуна барды

 

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында Нарын шаарындагы "Билим булагы" билим берүү комплексине барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, билим берүү комплекси "Ас-Салам" кайрымдуулук фонду тарабынан демөөрчүлөрдүн эсебинен жетим балдар үчүн курулган, бирок ар-кыл бюрократиялык себептерден улам аны мамлекеттин балансына өткөрүп берүү мүмкүн болгон эмес.

Садыр Жапаров комплексти карап чыгуу менен Билим берүү жана илим министрлигине жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго объектти мамлекеттик баланска өткөрүү боюнча чараларды кабыл алуу тапшырмасын берди.

"Биз инвесторлор үчүн ачык болуп, алар үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүшүбүз керек. Инвесторлор менен иштөөдө бюрократиялык тоскоолдуктарга, пара алууга жол берилбейт. Эгер ар бир мамлекеттик орган алар менен өз деңгээлиндеги диалогду ачык жүргүзсө, инвесторлор Кыргыз өлкөсүнө келет", - деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле аталган комплекс бардык керектүү жабдуулар менен камсыздалганын жана кесиптик билим берүү мекемеси колдонууга даяр экендигин белгиледи.

Президенттин милдетин аткаруучу сөзүнүн соңунда фонддун өкүлдөрүнө аймактарды өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, мамлекет инвесторлорго ар дайым колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: