super.kg logo

Индияда дүйнөдө сейрек кездешүүчү таш бака табылды

 

Индияда сейрек кездешүүчү альбинос таш бака табылды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты.

"Бул индиялык чоң калактуу таш бакалардын түрүнө таандык сойлоочу. Көбүнчө бул таш бакалар жашыл түстө жана узундугу - 22-35 сантиметр. Алар Түштүк Азияда жашайт", - деп жазылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, адистер жаныбарды карап чыгып, сүрөткө тартып, кайра жаратылышка коё беришти. Бирок, таш баканын табигый жашоо чөйрөсүндө жашап кетиши кыйын болушу мүмкүн деген кооптонуу бар.

Табылган таш бака анын түрүндөгү башка таш бакаларга окшош эмес, ал хроматикалык лейкемиядан, башкача түс пигментациясынын жоголушунан келип чыккан адаттан тышкары сары түскө ээ.

"Мындай жаныбарлар Непалда олуттуу диний жана маданий баалуулукка ээ. Вишну ааламды кыйроодон
сактап
калуу үчүн таш бака формасына ээ болгон деп эсептешет. Индус мифологиясында ташбаканын
үстүңкү кабыгы
асманды, ал эми төмөнкүсү жерди билдирет", - деп айтылат маалыматта.

Кээ бир непалдыктар, табылган сейрек кездешүүчү жаныбарды "Кудайдын ишке ашышы" деп эсептешет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.11.2020. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алтын түстүү таш бака экен,эй биздин жеп жутар чиновниктер бул жаныбарга тийбегиле !!!(тамаша).
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: