"Тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт". Шейшембиге карата аба ырайы тууралуу маалымат
Эртең, 10-ноябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, жолдор тайгак болот. Ал эми калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1, күндүз +13;
Талас облусунда түнкүсүн +2, күндүз +12;
Ош облусунда түнкүсүн +3, күндүз +13;
Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +3, күндүз +14;
Баткен облусунда түнкүсүн +2, күндүз +12;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6, күндүз +9;
Нарын облусунда түнкүсүн -3, күндүз +13.
Бишкек шаарында жаан жаашы күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +1, күндүз +11 градус болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:00
2025-07-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.