super.kg logo
  Саясат  

Аксыдагы Унгар-Тоого Өзбекстандын желеги сайылып калганы айтылууда

 

Такталбаган маалыматтар боюнча, Аксы районундагы Унгар-Тоого Өзбекстандын мамлекеттик желеги сайылып калганы айтылууда. Жергиликтүү тургун Каныбек Жаныбековдун айтымында, өзбек чек арачылары мурда кыргыздардын малы жайылып жүргөн аймакты да тосуп алганы кабарланды.  

Депутат Курманбек Осмонов ЖКнын 26-сентябрдагы жыйынында Аксы районундагы жарандардан 2-3 жолу телефон чалуу болгонун билдирип, "алар маселени чечип бергиле, эки тараптын чек арачылары тирешип турат дешүүдө. Аймактагы жашоочулар топтолушуп жогорку бийликке кайрылуу жолдошуптур" деп билдирди. Муну уккан төрага Асылбек Жээнбеков жыйынды башкарып турууну орун басарына тапшырып "мен бул ишти иликтеп, тийиштүү органга тапшырма берейин" деп залдан чыгып кетти.

Эске салсак, 22-сентябрда аталган тоодо жайгашкан ретрансляциялоо станциясына өзбекстандык чек арачылар тик учак менен келишип, станциянын такталбаган аймакта жайгашканын айтышкан. Алар ал жердеги кызматкерлердин аты-жөнүн жазып алышканы айтылган эле. КРнын коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министри Токон Мамытов өзбек чек арачыларын станциянын аймагынан чыгып кетүүнү талап кылып жатканын кабарлаган болчу. 

 

Унгар-Тоо Аксы районунда Өзбекстан менен чектешкен аймакта жайгашкан. Анын чокусуна Кыргызстандагы телерадиоберүүлөрдү таратуучу ретрансляциялык станция жайгашып, районду Кыргызстандын негизги телерадиоберүүлөрү менен камсыздайт.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: