super.kg logo

Балыкчы шаарында мыйзамсыз сакталган курал-жарактар, ок-дарылар табылды

 
Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында мыйзамсыз сакталган курал-жарактар табылды. Аталган факт боюнча соттук-химиялык, соттук-баллистикалык, соттук-дактилоскопиялык, соттук-криминалисттик экспертизалар дайындалганын ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
25-октябрда ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматына ыкчам маалымат түшкөн. Анда ушул жылдын март айында Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын түштүк тарабында жайгашкан дамбанын аймагында 2 бейтааныш адам жашыруун түрдө белгисиз буюмдарды көмүп жаткандыгы маалым болгон.
"Алынган маалымат Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 253- беренеси (Куралдарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Ыкчам–издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 7-ноябрда Балыкчы ШИИБнин кызматкерлери жана ыкчам-тергөө тобу менен биргеликте издөө иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада Балыкчы шаарынын Тоголок Молдо жана Арчалы көчөлөрүнүн кесилишиндеги дамбанын түндүк тарабы жакта таштарга көмүлгөн көгүш түстөгү спорттук сумка табылып, анын ичинде:
- 1 даана номуру жок АКСУ-5.45 үлгүсүндөгү сайлуу, бир даана магазини менен ок атуучу курал, 30 даана огу менен;
- аскердик жардыруучу граната, шакекчеси менен;
- 2 кара түстөгү бет кап;
- кара түстөгү 2 жуп кол кап;
- 1 даана скотч;
- 1 даана колго жасалган сабы жыгач бычак;
- 1 даана 8,5 метр болгон аркан;
- 1 даана ак түстөгү баштыкка оролгон өзгөчө жапайы кендир жыты бар күрөң жашыл түстөгү майдаланган (салмагы 70 грамм) заты (канабис);
- 3 даана ичи бош, сыртында медициналык этил спирти деп жазылган бөтөлкөлөрү болгон.
Жогоруда көрсөтүлгөн буюмдар далил зат катары алынды. Учурда бул кылмыш иштерине тиешеси бар адамдардын аты-жөнүн тактоо жана кармоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары, тергөө амалдары жүрүп жатат", - дешти мекемеден.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: