super.kg logo

"Ээн калган көчөлөр". "Бул жакта коронавирус күчөп ызы-чуу болуп жатат" дейт Италияда жашаган мекендеш (фото)

 
Ээн калган Фабриано шаарчасынын көчөлөрү

Италияда коронавирустун экинчи толкуну күч алып жаткандыктан ал жакта коменданттык саат жана өзгөчө абал режими кайрадан киргизилди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмаларга таянуу менен орус маалымат булактары жазып чыгышты.

Эске салсак, Италияда дагы Кыргыз өлкөсүндөй эле COVID-19дун экинчи толкуну сентябрь айынын башында акырындан күч ала баштаган.

Буга байланыштуу Фабриано шаарында Кары адамдар үчүн реабилитациялык борбору ооруканасында иштеп жаткан мекендешибиз Канат Кубанычбек уулу менен байланышып кыскача маек курдук.

- Саламатсызбы, Канат? Учурда Италияда абал кандай?

- Бул жакта коронавирус аябай күчөп жатат. Мен иштеген ооруканада бейтаптар жана кызматкерлер болуп жалпы 60 киши коронавируска карата тест тапшырса, анын 57си ооруну жуктуруп алган болуп чыкты. Ошентип ал жакта 2-3 адам гана иштегенге туура келди. Калганы ооруп үйлөрүндө жатышат. Негизи эле аябай ызы-чуу болуп жатат. Менин жакын туугандарым, досторумдун арасында дагы бул ооруга чалдыккандар бар. Италияда ооруканаларга аскердик дарыгерлер дагы киргизилди. Учурда Италияга өзгөчө абал режими кирди. Мен иштеген ооруканада кары адамдардан 11 адам коронавирустан улам каза болду. Буга себеп персоналдын жетишсиздиги да таасир бердиби деп ойлойм. Себеби убагында тамак-аш суу берилбей, камкордук жетишпей калганда кары адамдар өздөрүн таштап коет экен. Кызматкерлер жетишсиз болсо да, жакындары келсе жакшы болмок. Бирок кызыл зонага киргизилбейт да. Ошол маалда улгайып калгандар тамак жакшы жебей, айыгууга аракет кылбай коюшту. Дагы башка бейтаптар оор абалда жатат. Биздин оорукана кары-картаңдар үчүн адистештирилген. Бирок учурда COVID-19 менен ооругандар үчүн ооруканага айланды. Ошентип биздин ооруканага кызыл зонада иштеген дарыгерлер келип иштеп жатышат.

- Сиз иштеген ооруканадан көбү илдетке кабылыптыр. Өзүңүздүн ден соолугуңуз кандай?

- Менин келинчегим көз жармак. Ошого балам төрөлөр убакытта эмгек өргүүсүн алып чыгып кеткем. Мен кеткенден кийин баары башталды. Албетте, мен жана үй-бүлөм дагы коронавируска карата тест тапшырдык. Баарыбыздын анализибиз таза болуп чыкты.

Италияда атайын COVID-19га ылайыкталган оорукана бар. Биздин бейтаптарды ошол жакка жөнөтүшүбүз керек эле. Бирок ал жакта дагы орун жок. Демек, Италияда чындыгында эле коронавирус кайрадан күч алды. Коменданттык саат киргиче деле мекеме, коомдук жайлар эрте жабылып жаткан. Эми кандай болот билбейм.

- Канат, маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Оорубаңыздар!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
10.11.2020. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстанда только той.короновирус женет же той женет бизде.
10.11.2020. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Real_mir,ха ха ха точно
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: