super.kg logo

Садыр Жапаров Жозеф Байденди АКШнын президенти кызматына шайланышы менен куттуктады

 

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Жозеф Байденди АКШнын президенти кызматына шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүн АКШ өзүнүн өнүгүүсүнүн тарыхый этабында турат жана сиздин жетекчилигиңиз менен Америка эли жаңы бийиктиктерге жетет деп терең ишенем. Кыргыз Республикасы Кыргыз-Америка мамилелерин өз ара пайдалуу өнүктүрүүгө дайыма өзгөчө көңүл буруп келет. Кызматташуу жөнүндө негизги келишимдин долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн алга жылып жатканын зор канааттануу менен белгилейм. Эки элдин бакубаттыгы үчүн Кыргыз-Америка мамилелерин жаңы сапаттуу деңгээлге чыгарууга багытталган биргелешкен иштерге кубанычымды билдирем", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Садыр Жапаров Жозеф Байденге бекем ден соолук жана мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми Америка элине тынчтык жана бакубаттуулук каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: