super.kg logo

Орусияда Кыргыз жараны жергиликтүү тургундун муштумунан каза болгондугу айтылууда

 

Орусиянын курамына кирген Мордовия Республикасынын Торбеево кыштагында жергиликтүү тургун Кыргыз жаранынын өлүмүнө шектүү катары камакка алынды. Бул тууралуу Телеграм каналдарынын биринде маалымдалды.

Андагы маалыматка ылайык, кармалган адам 33 жашта Торбеево кыштагынын тургуну. Ал эми каза болгон жаран 56 жашта болгон.

"Кылмышка шектүү жана каза болгон жаран экөө тең эт комбинатында иштечү. 6-ноябрда кечинде кезек алмашуу учурунда экөөнүн ортосунда пикир келишпестик чыгып, мында шектүү жаран жарбырлануучунун бетине катуу сокку менен уруп жиберген. Ал мээсинен жаракат алгандыктан окуя болгон жерден дароо жан берген. Каза болгон жаран 56 жаштагы Кыргыз жараны болгону айтылууда", - деп жазылат маалыматта.

Шектүү буга чейин жеңил кылмыш жасаганы үчүн сот жообуна тартылган. Учурда убактылуу кармоочу жайда. Эртең, 10-ноябрда сотто анын баш коргоо чарасы каралат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: