super.kg logo

Орусиянын бир топ белгилүү жылдыздары футболчу Артём Дзюбаны колдоп чыгышты

 

Орусиянын бир топ белгилүү эстрада жылдыздары өздөрүнүн социалдык тармактагы баракчалары аркылуу футболчу Артём Дзюбаны колдоого алышууда.

Маалыматка ылайык, 53 жаштагы ырчы Филипп Киркоров Дзюбанын видеосун тараткандарды жазага тартуу керектигин белгилеген. "Артём Дзюбанын Орусия курамасы үчүн жасаган ийгиликтерин жана футболду жайылтууга кошкон салымын баалабай коюуга болбойт. Мыйзам адамдын купуялуулук укугун коргошу керек. Коомдук адамдар буга укуктуу! Адамдын жеке жашоосу жана жеке видеолору эч качан коомдук талкууга айланбашы керек. Видеону жарыялагандарды соттой турган кез келди. Бул шылуундар ар дайым жазасыз калышат. Мындай кырдаалда таланттуу спортчуну колдоп, тилектештигимди көрсөтүшүм керек деп ойлойм", - деп жазган Киркоров.

Киркоровдун бул сөзүн ырчы Анна Нетребко, саясатчы Ксения Собчак, алып баруучу Яна Рудковская, актриса Олеся Судзиловская жана башка бир топ белгилүү адамдар колдогон.

Эскерте кетсек, 7-ноябрда социалдык тармактарда футболчу Артём Дзюбанын интимдик видеосу тарап кеткен. Мындан улам Орусиянын улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Станислав Черчесов Дзюбаны ноябрь айындагы оюндарда улуттук курамага алуудан баш тарткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.11.2020. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыздар жон эле отуралы, алар оздору билет. Дагы адатынарча колдоп площадьга чыгып албагыла.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: