super.kg logo

"Туткундарды алмашуу, басып алган жерлерди өткөрүп берүү". Армениялыктарды нааразы кылган, Армения менен Азербайжан кандай келишимге кол койду?

 

Орусия, Армения жана Азербайжан лидерлери бүгүн, 10-ноябрдан баштап Тоолуу Карабахта ок атышпоо чечимине кол коюшту. Келишимдин толук текстин Риа новости басылмасы жарыялады. Келишим төмөнкүдөй шарт менен кабыл алынды.

- 10-ноябрь Москва убактысы боюнча түнкү саат 00:00дөн баштап толугу менен ок атышууну токтотуу. Азербайжан жана Армения аскерлери өз позицияларында калат;

- Тараптар аскер туткундарын алмашууга милдеттендирилет;

- Армения Кельбажар аймагын Азербайжанга 15-ноябрга чейин, ал эми Лачин аймагын 2020-жылдын 1-декабрына чейин кайтарып бериши керек. Мындан тышкары, 20-ноябрга чейин Ереван Бакуга Агдамга аймагын өткөрүп бериши керек.

- Тоолуу Карабахтагы байланыш линиясынын боюна жана Лачин коридоруна Орусиянын 1 миң 960 куралчан аскерлери, 90 аскер унаасы жана 380 башка техникалар менен тынчтыкты сактоо үчүн жайгаштырылат;

- Келишимдердин аткарылышын көзөмөлдөө максатында, тынчтыкты сактоо борбору жайгаштырылып, ок атышпоо режимине көз салынат;

- Жакынкы үч жылда Степанакерт шаары менен Армениянын ортосундагы байланышты камсыз кылган Лачин коридору боюнча жаңы трассанын курулушунун планы аныкталууга тийиш. Андан кийин бул маршрутту коргоо үчүн Орусиянын тынчтык орнотуучу аскерлери кайра жайгаштырылат. Ошол эле учурда Азербайжан Лачин коридору боюнча транспорттук байланыштын коопсуздугуна кепилдик берет;

- Ички жер которгон адамдар жана качкындар БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарынын көзөмөлү астында Тоолуу Карабахка жана анын тегерегиндеги аймактарга кайтып келе алат;

- Аймактардагы бардык экономикалык жана транспорттук байланыштар бөгөттөн чыгарылышы керек. Ошол эле учурда, Армения Азербайжандын батыш аймактары менен Нахичеван автономиясынын ортосундагы транспорттук байланышты камсыз кылууга милдеттендирилет. Буга Орусиянын чек арачылары көзөмөл кылат.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян бул келишимди өзү үчүн өтө оор чечим деп атап, бирок андан башка жол жок экендигин белгилесе, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев бул келишимдер Карабах жаңжалын жөнгө салууга чекит койгонун билдирген.

Учурда Армения жарандары бул чечим үчүн нааразычылыгын билдирип, парламент имаратын басып алышты. Алар согушту улантууну талап кылып жатышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(4)
10.11.2020. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен тушунбодум булардын ички сырткы политикасына, бирок баарына каршымын! Карабах-Карабах, Армения-Ереван, Азербайжан-Баку, мен каршымын деп плакатка жазып алып ачкачылык жарыялап ак уйдун алдындагы кемпирлердин катарына отуруп алсам окшойт.
10.11.2020. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Орус ушул жергеда мурдун тыгып жүрөт.
10.11.2020. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Pankration_MMA,орус мурдун тыкпаса кырылып калышсынбы, Путиндин гана созу отот бул жерде, авторитет!
10.11.2020. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жараштырып койгон жакшыда,канчалаган жонокой жарандар, кичинекей балдарды ракета менен жардырып атат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: