super.kg logo

Лейлек району коңшу мамлекеттер менен чектеш болгондуктан коронавирус илдети көп катталып жаткандыгы айтылды

 

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ош жана Баткен облустарындагы медициналык уюмдарынын жумуштары менен таанышып келди. Анда аймактардагы эпидемиологиялык кырдаал тууралуу маселелер талкууланганын министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Иш сапардын жүрүшүндө министр Баткен облустук бириктирилген ооруканасын, Кадамжай аймактык ооруканасын, Кадамжай үй-бүлөлүк медицина борборунда, Сүлүктү жалпы дарыгерлер практикалык борборун, Кызыл-Кыя аймактык ооруканасын көрүп, калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык жардамдын сапаты менен таанышты.

"Алыскы Лейлек районунундагы аймактык ооруканасына барганда ал жерде коңшу өлкөлөр менен чектеш болгон себептүү элдердин кошуналар менен карым-катнашы көп болуп, коронавирус илдети көп катталып жаткандыгы тууралуу маселе көтөрүлдү. Министр бул маселе Республикалык штабдын отурумунда каралаарын айтып өттү".

Мындан тышкары министр Ноокат аймактык ооруканасынын, Ош облустар аралык бириктирилген ооруканасынын бөлүмдөрүнүн иштери менен таанышты. Кара-Суу районундагы Баш-Булак айылындагы кайра профилдештирилген инфекциялык бөлүмдүн иши менен да таанышып чыкты.

"Ооруканалардын эмгек жамааты менен элге медициналык жардамды көрсөтүүдөгү жетишкендиктер, көйгөйлөр талкууланып, стационарларда иштеген дарыгерлерге эмгек акыларын жогорулатуу жөнүндө сөз болду".

Мындан тышкары Ош шаарындагы жаңы салынып жаткан 100 орундуу инфекциялык ооруканасынын дагы курулуш иштери менен таанышып чыкты. Координатордун айтымында, жумуш иштери декабрь айынын башында бүтүп, оорукана ишке берилет деп күтүлүп жатканын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: