super.kg logo

Аккула, Нарбуудан, Алгара - Аватар, Торнадо, БТР... "Манас" эпосундагы жана учурда көк-бөрүгө чабылган аттардын аталышын салыштырабыз

 

Жакында эле Чолпон-Ата шаарында улуттук көк-бөрү оюну боюнча президенттин Кубогу өттү. Көк бөрү сүйүүчүлөрүн улакчылар эле эмес, алардын минген аттарынын ысымдары да кызыктырды. Командаларды тааныштырууда оюнчулар менен теңме-тең аттарды да, өз ысымы менен чакырып жатышты.

Кыргыз эли атты сүйгөн эл. "Тулпар-тушунда, күлүк-күнүндө", "Ат-адамдын канаты" деп өмүрүн жылкы баласы менен тыгыз байланышта караган элбиз. Буга далил катары- финалга чыккан оюнчулардын оюн талаасына чыга калган аттары өзгөчө көркөм, мартабалуу, ысымдары да оригиналдуу. Мисалы, Аватар, Грозный, Ахилес, Полковник, Сармат, БТР, Торнадо, Көк-бет жана башка. Ошондой эле улуу "Манас" эпосунда кездешкен Мааникер аттуу жылкы да бар. Аттарга коюлган ысымдар тууралуу белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков буларга токтолду.

"Кыргыз жылкы баласын өтө сыйлаган,ат менен жаны бирге болгон десек аша чаппайбыз. Дүйнөнү дүңгүрөтүп турганда да эл үчүн, жер үчүн, сулуу кыз үчүн, күлүк ат үчүн намыс талашып келген. "Камбар-ата колдосун" деп бекерге айткан эмес. Илгери ата-бабаларыбыз аттын ички-сырткы түзүлүшүн аңдап көрүп, баскан-турганына жараша ысым беришкен, ошолорду кайталап койсо керемет ысымдар.

Көк-бөрү - бул адам менен жылкы баласынын ортосундагы гана байланыш болбостон, эр жүрөктүү жигиттердин согуштук өнөргө да чоң даярдыгы болгон. Денени чыңдоо, сергек жашоо, машыгуу, бардыгына даяр болуу эр адамдын негизги милдети болгон да"

Бул ойду улай "Манас" эпосундагы, баатырлардын жылкыларынын ысымдарын карап, көз жүгүрттүк.

Баатыр Манастын тулпары айтылуу Аккула, Көкчө баатырдын атынын ысымы Көктеке, Чубактыккы Көк-казык, Көк-чебич, Сыргактын аты Көк-тулпар, Семетейдики Нарбуудан, Бакай атабыздын аты Көк-Чолок, Коңурбайдын сыйкырдуу тулпары Алгара, Көкөтөйдүкү Ардак-боз, Мааникер, Жолойдуку Ач-буудан, Алманбеттики Кыл-жейрен жана башкалар.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: