Ысык-Көл: Түп районунда жаңы теплица ачылды
Иш-чаранын ачылышы


Иш-чаранын ачылышы

Катышуучулар теплицанын долбоору менен таанышууда

Күнөсканада аз чыгым жумшап, мол түшүм алса болорун адистер айтышты

Иш-чаранын катышуучулары

Окутуу борбору. Долбоордун алкагында бул жерде жергиликтүү тургундарга багбанчылык боюнча билим берилет

Теплицанын ички көрүнүшү

Теплицанын ички көрүнүшү
Бүгүн, 26-сентябрда Ысык-Көлдүн Түп районундагы Сары-Дөбө айылында "Карагат+" долбоорунун алкагында "Билим" окутуу борборунун жана жаңы теплицанын ачылышы болду. Ага бийлик өкүлдөрү, тургундар жана бир катар коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Түп районунда алгачкы ирет ачылып жаткан теплицанын кызыл тасмасын Жогорку Кеңештин депутаты Эсенгул Исаков жана райондун акими, айыл өкмөт башчысы кести.
Иш-чаранын алкагында жашылча жемиштерди өстүрүүдө аз чыгым сарптап, мол түшүм алуунун жолдорун адистер түшүндүрүп беришти. Долбоорду "Кумтөр" компаниясы каржылоодо.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

