Өкмөт: "Садыр Жапаров Кытайдын карызынан кутулуу үчүн банктык эсеп ачуу боюнча сунушту карап көрөрүн айткан"
Депутат Дастан Бекешев Кытайга болгон карыз тууралуу видеоролик аркылуу маалымат берди. Анда ал Садыр Жапаров Кытайдын карызынан кутулуу үчүн банктык эсеп ачуу боюнча элге убада бергенин айткан.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиргендей, президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров аймактарды кыдырып жүргөндө эл тарабынан банктык эсеп ачуу боюнча сунуштар айтылган. "Садыр Жапаров бул маселени карап көрөрүн билдирген. Бул маселе качан каралары азырынча белгисиз", - деп билдиришти өкмөттөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Азыркы бийликтин иштегенине аз эле убакыт болду!чыдай турсаң болот баарысы! Жакшы жагын ойлонуш керек сөз сүйлөөрдүн алдында!