super.kg logo

Садыр Жапаров Илим күнү менен куттуктады

 

Бүгүн, 10-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров окумуштууларды жана илимпоздорду кесиптик майрамы - Илим күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Мамлекеттин дүйнөдөгү орду, социалдык-экономикалык абалы, элинин маданий деңгээли андагы илим менен билимдин абалына көз каранды экендиги белгилүү. Ошондуктан өнүгүүнү көздөгөн мамлекеттин негизги багыттарынын бири болуп ийгиликтүү инновациялык чөйрөнү түзүү, келечектүү изилдөөлөрдү жана таланттуу окумуштууларды колдоо эсептелет. Илим улуттук ресурс катары өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн негизги башаты болуп саналат.

Азыркы татаал шартта Кыргыз өлкөсүндө илимди сактап калган Улуттук илимдер академиясынын, жогорку окуу жайларынын жана тармактык илимий мекемелердин кызматкерлерине сый-урмат көрсөтүлүшү керек. Бардык илимий коомчулукка - академиктерге, илимдин докторлору менен кандидаттарына, аспиранттарга жана илимий мекемелердин кызматкерлерине жасаган эмгектери, тандаган ишине өмүрүн арнап, чыгармачылык күч-кубатын жумшап, жүргүзүп жаткан иши үчүн чын ниеттен ыраазычылыгымды билдирем.

Албетте, мамлекеттин негизги милдети илимий кызматкерлерибиздин ишмердүүлүгүнө жакшы шарт түзүп берүү болуп саналат. Мамлекет фундаменталдык жана колдонмо илимдин кадыр-баркын көтөрүүгө, илимий чөйрөнүн, илимдин жана коомдун ортосундагы байланышты бекемдөөгө жана илимий-инновациялык саясатты өркүндөтүүгө тийиш. Жаш адистерге колдоо көрсөтүүнү мындан ары да күчөтүү зарыл. Алардын таланты, жаштык жигери өлкөгө кызмат кылышы керек. Жусуп Абдрахманов, Ишеналы Арабаев, Касым Тыныстанов, Исхак Раззаков сыяктуу чыгаан коомдук-саясий ишмерлер илим-билимге бүтүндөй өмүрүн арнашкан. Биз ошол улуу инсандардан өрнөк алышыбыз керек.

Илимге болгон мамилени өзгөртүп, аны бизнести, өндүрүштү инновациялык жол менен өнүктүрүүнүн негизги фактору катары карай турган болсок, ата-мекендик илимдин статусу өзгөрөт деп ойлойм. Илимпоздор өздөрүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн эмес, көкүрөгүндөгү терең ишеними менен тынбай эмгектенип, жаңы тарыхты жаратып жатат. Акыркы жылдардын жыйынтыгы көрсөткөндөй, илим бир жерде туруп калган жок, жаңы идеялар ишке ашырылып, мамлекеттик буйрутмалар аткарылууда. Коронавирус инфекциясы тараган оор мезгилде окумуштууларыбыз региондорго жардам берип, элибизге тирек болуп беришти", - деп айтылат куттуктоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.11.2020. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул айтылгандардын баары иш жузуно ашабы же жон эле тилдин учу менен айтылган бойдон калабы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: