11-ноябрдан тарта мектептерде кадимки режимде окуу башталат. Бишкек, Ош шаарларында кадимки режимде окууга уруксат берилген жок
11-ноябрдан тарта мектептерде кадимки режимде окуу башталат. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-ноябрдан тартып өлкөдөгү 1 миң 489 жалпы билим берүү уюмдарынын 1-2-3-4-5-6-9-11-класстагы окуучулары үчүн кадимки окуу режими жанданат.
Аймактар боюнча бөлүп караганда:
- Нарын облусу – 142;
- Жалал-Абад облусу – 220;
- Баткен облусу – 177;
- Ош облусу – 434;
- Ысык-Көл облусу – 160;
- Талас облусу – 77;
- Чүй облусу – 279.
"Эки апта бою кадимки режимде окуу процесси жанданган мектептерде мониторинг жүргүзүлөт. Эгер абал туруктуу болуп, жакшы жыйынтык көрсөтсө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана саламаттык сактоонун аймактык органдарынын макулдугу менен башка класстарга дагы кадимки режимде окууга уруксат берилет", - деп жазылат маалыматта.
Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында эпидемиологиялык абал оор болгондуктан, республикалык штаб жана Саламаттык сактоо министрлиги мектептерде кадимки режимде окууну жандандырууга уруксат берген жок.






1 |