super.kg logo

Таш-Көмүрдө күндүз жана түнү ар кандай жумуштарда иштеп жүргөн өспүрүмдөргө рейд жүрдү

 

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында “Өспүрүм” аталышындагы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

"Таш-Көмүр шаарынын аймагында коронавирус илдетине байланыштуу жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары жана студенттери аралык режиминде билим алышууда. Бирок кээ бир окуучулар онлайн сабактарга катышпай, көчөдө жүрүп, ар кандай укук бузууларга аралашып калууда. Ошол себептенТаш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан “Өспүрүм” аталышындагы 2 күндүк ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Анын алкагында соода түйүндөрүндө, унаа жуучу жайларында жана интернет клубдарда 4 өспүрүм эмгектенип жүргөнү белгилүү болгон. Ал эми түнкү саат 22:00дөн кийин ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусу жок жүргөн 11 өспүрүм аныкталган. Аныкталган өспүрүмдөр боюнча тийиштүү органдарга мааалыматтар жиберилген. Ата-энелерге балдарын кайда жүргөндүгүн көзөмөлдөө жана алардын аралыктан окуу учурун үзгүлтүккө учуратпоо зарылдыгы эскертилген", - деп билдирди басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: