"Билим алдында биригели". Германиядагы мекендештер Кыргыз өлкөсүндөгү жаштарга арнап флешмоб уюштурушту (видео)
Германияда учурда жашап, иштеп, окуп жаткан мекендештер биригип «Билим алдында биригели, билим менен өнүгөлү!» деген аталыштагы видео флешмоб уюштурушту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына флешмобдун катышуучулары жана уюштуруучулары билдирди.
Анда флешмобдун максаты Кыргыз өлкөсүндөгү жаштарды билимин өркүндөтүүгө үндөө, билим аркылуу Кыргыз өлкөсүн өркүндөтүүгө чакыруу экени айтылат.
"Флешмобду уюштурууда Германияда жашап, иштеп, окуп жаткан мекендештерден түзүлгөн чоң команда иштеди. Көп эмгек жасалды. Бул видео кайрылуубуз менен жаштарды билимдүү болууга үндөп, таасир бере алабыз деген үмүттөбүз" дешет уюштуруучулар.
«Билим алдында биригели, билим менен өнүгөлү!» флешмобунун астында бириккен мекендештер жаштарга төмөндөгүдөй кайрылуу жасашкан.
"Германияда орто эсеп менен учурда он миңге жакын 18 менен 45 жаштын ортосундагы кыргыздын уул-кыздары жашайбыз. Арабызда тарбиячы, мугалимден баштап, дарыгер, экономист, инженер, машинист, банкир, технолог, эколог, IT адис , айыл-чарба жана тамак-аш адистери, бухгалтер, юрист, политолог, этнолог, психолог, илимий изилдөөчү, журналист, ашпозчу, айдоочу, айтор жазуучу, сүрөтчү, музыкантка чейин бар. Ал гана эмес, жогорку илимий даражаларга ээ болгон ири ишканаларды жетектеген, немис коомчулугунда атак-даңк, ийгилик, сыйлыктарга жеткен жердештерибиз да аз эмес.
Европага билим алуу үчүн келип, жергиликтүү коомчулукка аралашып, алыста өз жашообузду курганыбызга карабай киндик кан тамган жерибиз менен байланышыбыз тыгыз. Анткени биз Кыргыз өлкөсүнүн атуулдары, кыргыз улутунун өкүлдөрү жана кыргыз элинин бир бөлүгүбүз. Жердештер баш кошкон жерде бурулган көңүлүбүз, сүйлөгөн сөзүбүз – ата-журтубуздун эртеңки тагдыры, мекенибиздин тынчтыгы жана эне тилибиздин өнүгүшү. Ошондуктан өлкөбүздө болуп жаткан учурдагы ар кандай кырдаалдарга, кыйынчылыктарга жана тааныш көйгөйлөргө кайдыгер карай албайбыз. Ушул себептерден улам биз кечээ жакында «Билим алдында биригели, билим менен өнүгөлү!» виртуалдык акциясын өткөрдүк.
Бул жамааттык флешмобдо биз болгон ой-толгообузду, санаабызды, сын-пикирибизди жана дем-күч берген сөздөрүбүздү билим менен байланыштырып айтабыз. Аны менен бирге ата-журтубуздун ар кандай катмарын аң-сезимди агартууга, жан дүйнөнү жаңылантууга жана билимдин алкагында келечек курууга чакырабыз.
Элибиз бөлүнбөс, эгемендүүлүгүбүз түбөлүктүү, өлкөбүз өнүгүү жолунда жана келечегибиз кенен болсун!" - деп жазылат кайрылууда.
Арыбаныздар. Билим алдында биригели. Жаштар жаны коз карашта, жаныланыш керек. Негизи кыргыз жаштары Европа багытында онуккон туура болот. Европа маданиятын кыргызстанда онуктуруш керек. Ошондо элдин коз карашы, ан сезими да онугот.
Asel69,алат десе Кыргыз минус жагын алып алат билим илим жагын алса болот Жана коомго сыйлоо менен коз карашын алса болот тем более Германия номер 1 олко Европанын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
×
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду: