super.kg logo

Экс-министр Космосбек Чолпонбаев операция жасатууга муктаж

 

Учурда Кардиология жана терапия улуттук борборунда дарыланып жаткан саламаттыкты сактоонун мурдагы министри Космосбек Чолпонбаевге операция жасатуу талап кылынууда. Бул тууралуу аталган медициналык жайдын директору Акпай Сарыбаев ырастап, мурдагы министрдин жүрөгүнө операция жасатуу керектигин, ал кызматтын баасы кымбат экенин билдирди.

"Ал жүрөгүнө стент коюуга муктаж. Бул кымбат хирургиялык кийлигишүү. Бизде операцияга сарпталуучу материалдар өтө кымбат. Ал акча алып келери менен, биз ага дароо операция жасайбыз. Ал ушул аптада каржы маселесин чечерин айткан", - деди ал.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурунку жетекчиси Космосбек Чолпонбаев буга чейин 320-берененин ("кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") негизинде кармалып, Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 15-ноябрга чейин СИЗО-1ге камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: