Орусияда сутка ичинде коронавирустан 350дөн ашык адам каза болду
Орусиянын 85 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 20 миң 977 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 368 адам каза болсо, 15 миң 600 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 5902 (айыккандар 3663);
Санкт-Петербург - 1485 (айыккандар 751);
Москва облусу - 685 (айыккандар 494);
Нижегород облусу- 402 (айыккандар 492) адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 1 миллион 817 миң 109 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 31 миң 161 адам каза болсо, 1 миллион 350 миң 741 бейтап айыгып чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.