7-8-10-класстын окуучулары эмне себептен кадимки режимде окубай турганы айтылды

Бүгүн, 10-ноябрда Билим берүү жана илим министрлиги кадимки режимде окуу процессин жандандыруу боюнча маалымат жыйын берди.
Ага ылайык, Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки жана мектептен тышкары билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Усеналиев маалымат берип жатып, эмне себептен 7-8-10-классттын окуучулары окубайт деген суроого жооп берди.
"1-2-3-4-5-6-9-11-класстарга уруксат берилгенинин себеби булар биринчи этаптагы окуучулар болуп саналат. Арасында мамлекеттик тест тапшыра тургандары бар. 1-класс башталгыч болсо, 5-класс башталгычтан жогорку класска өтүп жатат. Ал эми 7-8-10-классттар булар экинчи этапка каралган. 15 күндөн кийин мониторинг жүргүзүлүп, анан белгилүү болот. Мындайча айтканда азыр өтө зарыл болуп жаткан класстар окуп башташты. Азыр окуп баштай берсе, анан мектептеги абалга жараша чечимдер дагы кабыл алынат", - деп билдирди Марат Усеналиев.
