super.kg logo

Жалпы республика боюнча 669 мектепте кадимки режимде окууга уруксат берилген жок. Себеби эмне?

 

Бүгүн, 10-ноябрда Билим берүү жана илим министрлиги кадимки режимде окуу процессин жандандыруу боюнча маалымат жыйын берди.

Анда Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки жана мектептен тышкары билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Усеналиев орчундуу маалыматтар менен бөлүштү.

"Билим берүү жана илим министрлиги Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Республикалык штаб менен биргеликте атайын алгоритм иштеп чыгып, ошонун негизинде өлкөдө кээ бир мектептерде кадимки режимде билим берүү ишке ашканы турат.

Жалпы республика боюнча 2 миң 298 мектеп бар, анын ичинен 669 мектепке кадимки режимде окууга уруксат берилген жок. Алардын ичинде Бишкек жана Ош шаарындагы мектептер да бар. Уруксат берилбегенинин себеби эпидемиологиялык абалга байланыштуу.

Биз ар бир мектепке 4 вариантты сунуштадык. Биринчи вариант мектептеги окуучулардын саны 300гө жетпеген мамлекеттик, менчик мектептер жана интернаттарга 1-класстан 11-класстарга уруксат берүү боюнча сунуш. Ал эми экинчи вариант болсо мектептеги окуучулардын саны 300дөн 600 окуучуга чейинки 1-5-9-11-класстарды окутуу боюнча сунуш кылдык. Үчүнчү вариант болсо 600дөн ашкан окуучуларды да кадимки режимде окууга уруксат берүү боюнча сунуш киргиздик.

Белгилей кетчү жагдай, окуу процесс жергиликтүү бийликтин макулдугу жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлүнүн чечимине ылайык кадимки режимде окууну баштаса болот", - деди Усеналиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: