super.kg logo

Мектептерди эпидемиологиялык абалга даярдоо үчүн мамлекеттен 185 миллион сом бөлүндү

 

Бүгүн, 10-ноябрда Билим берүү жана илим министрлиги кадимки режимде окуу процессин жандандыруу боюнча маалымат жыйын берди.

Ага ылайык, Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки жана мектептен тышкары билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Усеналиев буларга токтолду:

"Бүгүнкү күндө Кыргыз өлкөсү боюнча жалпы 96 мектепке чейинки мекемелер иштеп жатат. Анын ичинен 74 менчик бала бакча, 20сы мамлекеттик. Ар бир билим берүү тармагында дезинфекциялык каражаттар, санитайзер, тазалоочу каражаттар жана башкалар менен камсыз кылуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Биринчи чейректин биринчи айына Билим берүү мекемелери толук камсыз болду. 3-4-чейреккке мамлекеттен 185 миллион сом бөлүнүп жатат. Ушул каражат менен камсыз болот. ЮНИСЕФтин колдоосу менен ар бир мектепке окуучулар өздөрүн кандай алып жүрүү керектиги тууралуу дагы плакаттар берилүүдө.
Ар бир кадамдын планы бекилди, вице-премьер Эльвира Сурабалдиева көзөмөлгө алып, тапшырманы берген.
Ал эми жергиликтүү бийликтер өздөрү алгоритм иштеп чыгып, көбүнчө 9-11-класстардын окуусун сунуштап жатышат. Себеби бул класстар мамлекеттик деңгээлде документ алышы керек.
Бүгүнкү күндө ата-энелер тараптан дагы ар кандай пикирлер болуп жатат, мен айтып кетсем онлайн режим 4-чейректе башталган, ал өз максатына жетти. 298 окуучу кызыл аттестат менен аяктап, 53 окуучу алтын сертификат алды, быйылкы бүтүрүүчүлөр жалпы мамлекеттик экзаменди ошондой эле ЖРТны да ийгиликтүү тапшырышкан.
Бир мисалды айтып кетейин, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Шыйрак айылында жалпы 1-класстан 11-класска чейин 83 бала окуйт. Ошолорго онлайн режимде окуунун кажети барбы, аларды реалдуу режимде окутканга мүмкүнчүлүк бар. Мындай аймактар көп.
Эртең башталганда дагы көрөбүз, мониторинг жүргүзөбүз. Күн сайын маалымат берип турабыз", - деп билдирди Марат Усеналиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: