Бишкек шаарындагы мектептер азырынча ачылбай турганы айтылды
Бишкек шаардык мэриясында шаардагы эпидемиологиялык кырдаал боюнча жыйын өтүүдө.
Анда вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева, шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев 4 райондун акимдери жана ыктыярчылар катышууда.
Ага ылайык, эпидемиологиялык кырдаалга ылайык, шаардагы мектептер белгисиз мөөнөткө жабык бойдон калары айтылды. "Шаарда 100 мектеп бар. Анда 160 миңге жакын окуучу бар. Оору - бул балээ. Окуучулар ооруп калса убалы кимге? Алар ооруп калса кайсы жакка жаткырам? Мындан Кудай сактасын, бардык нерселерди тобокелдикке барсам дагы, балдар боюнча эч кандай тобокелдикке бара албайм", - деди Балбак Түлөбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.