super.kg logo
  Саясат  

ШКУ саммити. Мирзийоев Садыр Жапаровду көрүп жатканына кубанса, Путин жакын арада телефон аркылуу сүйлөшөрүн билдирди

 

Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзийоев ШКУ саммитинде Кыргыз өлкөсүнүн президентинин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаровду көрүп жатканына кубанычта экенин айтып, Кыргыз өлкөсүн бардык тараптан колдоого даяр экенин билдирди.

Ошондой эле Мирзийоев Кыргыз өлкөсү Өзбекстан мамлекети үчүн стратегиялык шериктеш жана бир тууган мамлекет экенин белгилеген.

Бүгүн, 10-ноябрда Орусиянын төрагалыгы астында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мамлекет башчыларынын видеоконференция форматындагы кеңеши өттү. Жыйында президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров ШКУнун алкагындагы экономикалык кызматташтык, коронавируска каршы күрөшүү жана Кыргыз өлкөсүндөгү коомдук-саясий абал тууралуу сөз сүйлөдү.

Онлайн кеңешмеге төрагалык кылып жаткан Владимир Путин Садыр Жапаров сөз кылган экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматташтык тууралуу жакынкы арада Жапаров менен болгон телефондук сүйлөшүүдө талкууларын билдирди.






Өзбекстандын президенти Садыр Жапаровду көрүп жатканына кубанганын билдирди

Владимир Путин Садыр Жапаров менен жакын арада телефон аркылуу сүйлөшөрүн айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: