super.kg logo

Бириккен Араб Эмираттарында жарандык никеге жана алкоголдук ичимдиктерге уруксат берилди

 
Бириккен Араб Эмираттарында жарандык никеге жана алкоголдук ичимдиктерге уруксат берилди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалымытка ылайык, Бириккен Араб Эмираттарынын президенти Халифа Ибн Зайд Аль Нахайян алкоголдук ичимдиктерди колдонууга айрым чектөөлөрдү алып салган жана никеден тышкары чогуу жашоого уруксат берген мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөрдү жактырган. Жеке абал жана жарандык мамилелер жөнүндө мыйзамдарга, федералдык кылмыш кодексине жана кылмыш-процессуалдык мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилген. Алар президент кол койгондон кийин дароо күчүнө кирет. Эми өлкө 21 жаштан жогору курактагы адамды алкоголдук ичимдиктерди лицензиясыз ичкендиги, сактагандыгы же сатканы үчүн жоопко тартпайт. Ошол эле учурда алар жашы жете электерге спирт ичимдиктерин сатканы үчүн жазага тартылат.
Мындан ары тууганчылыгы же никеси жок түгөйлөрдүн чогуу жашашына мыйзамдуу түрдө уруксат берилген. Ошондой эле, өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылгандыгы үчүн жазалоо беренеси Кылмыш кодексинен алынып, мураскорлук эрежелери өзгөртүлгөн.
Түзөтүүлөр бийликтин заманга жараша аракетин чагылдырып, туристтерди, чет элдик инвестицияларды тартууга жана өлкөнүн жашоочулары үчүн эрежелерди жөнөкөйлөтүүгө багытталган деп көрсөтүлгөн. БАЭ бийликтери мындай кадамды, башкалары менен кошо, ушул күздө Дубайда өтүүчү дүйнөлүк көргөзмө өткөрүлө электе, бирок коронавируска байланыштуу бир жылга жылдырылганын белгилейт. Бийлик туристтердин агымы көбөйүп, ишкердүүлүк күчөйт деп күтүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(9)
10.11.2020. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Шоуну эми арабтар корсотот экен да.
11.11.2020. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Араб эмиратында жаштар Европа маданиятын оздоруно алып жатышат. Азыркы учурда араб олколорундо мурдагыдай диний доктриналар, уламыштар, жомоктор анчейин деле элге таасир бербей калган. Араб кыздары оздорунун салтуу болгон паранджа, хиджабтарын чечип салгандар кобоюп баратат. Кыскасы Араб Эмиратынын королу оздорунун жаштарын светтик багытта, Европанын маданиятын онуктуруу жолун тандап жатышат.
11.11.2020. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Asel69 Араб эмиратында жашап жаткандай эле жазыпсын го же атан арстан алайдай болум мээн шамалдап калганбы алысты корүп
11.11.2020. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Буларда нефть гана бар андан башка эч нерсе жок,какыраган кумдуу чол.Нефть запас калбай баратат ошон учун,бирден бир киреше алып келчуу булак бул туризм болот .Ошол учун баарына макул.
11.11.2020. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай сакта.дүйнө жүзүндө эң үлгүлүү бирден бир мусулман өлкө го.
11.11.2020. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Арабдар эмес пайгамбарыбыз с.а.в жана Куран улгу.
11.11.2020. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Арабтарга карабайбыз Мухаммед салалааху алайхи уа салламга пайгамбарыбыз га карап туздонобуз буйруса,арабтар бизге үлгү эмес.Анан Ислам дини арабтарга эмес бүт дүйнө элине түшкөн.
11.11.2020. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ким жооп берет анда арак ичип жалкоолонуп кризизке батыр,бири-бирин мас абалында олтургон кыймыл-аракет корунуш жашоого?
11.11.2020. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстан дагы алкогольдук ичимдиктерге тыюуу салыш керек,арактын айынан коп уй-було жарандары талкаланууда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: