super.kg logo
  Саясат  

Мамлекеттик чек ара кызматы Аксыдагы кырдаал боюнча өзбек тараптын аракетин мыйзамсыз деп эсептейт

 

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы Аксы районундагы Унгар-Тоо маселеси боюнча өзбек тараптын аракетин мыйзамсыз деп эсептейт. Эки өлкөнүн ортосунда 2013-жылдын 23-январында кол коюлган өкмөттөр аралык протоколдо такталбаган аймактарда чек араны кайтаруу жана коргоодо чагымчыл аракеттерге алдырбай макулдашылган чечимге келүүгө эки тарап тең милдеттендирилген. Буга байланыштуу өзбек чек арачыларынын аталган тоого тик учак менен келип Кыргызстандын жарандарынын документтерин текшерүүгө алышы эки тараптуу макулдашууга каршы келерин билдирет КРнын Чек ара кызматы.  

Эске салсак, 22-сентябрда аталган тоодо жайгашкан ретрансляциялоо станциясына өзбекстандык чек арачылар тик учак менен келишип, станциянын такталбаган аймакта жайгашканын айтышкан. Алар ал жердеги кызматкерлердин документтерин да текшерүүгө алышыптыр. КРнын коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министри Токон Мамытов өзбек чек арачыларын станциянын аймагынан чыгып кетүүнү талап кылып жатканын кабарлаган болчу. Учурда аймакта эки тараптын чек арачылары турат, Мамытовдун сөзүнө таянсак, абал туруктуу. 30-сентябрда эки тараптын чек ара жетекчилигинин жолугуп, абал боюнча сүйлөшүүсү күтүлүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: