super.kg logo

ИИМ: "Өлкө аймагынан тышкары мыйзамсыз миграция уюштургандар аныкталды"

 

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Кыргыз өлкөсүнүн аймагынан тышкары мыйзамсыз миграция уюштургандарды аныкташты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ИИМдин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери өлкө аймагынан тышкары мыйзамсыз миграцияны уюштургандарды аныкташкан.

"Жумушка орноштурган жеке компаниялардын биринин кызматкерлери өлкөдөн тышкары Кыргыз Республикасынын жарандарын жумушка орноштуруу боюнча ишмердүүлүк менен алектенүү укугуна уруксаты жок болуп туруп Перс булуңундагы өлкөлөргө мыйзамсыз чыгуулары боюнча кызмат көрсөтүп келишкен. Аталган факты КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 122-беренеси (Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу) боюнча катталып, жумушка орноштуруу боюнча агенттиктин жетекчиси Ж.А. шектелгендиги жөнүндө кабарлама берилди. Жакынкы арада топтолгон материалдар сотко жөнөтүлөт", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: