super.kg logo

"Сойкулук жасоо үчүн чек араны мыйзамсыз кесип өткөн". Ош шаарынын аймагында мыйзамсыз жүргөн жарандар кармалды

 

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн кызматкерлери Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашап жатышкан өзбек жарандарын кармашты. Алар Ош шаарынын аймагында мыйзамсыз жүрүшкөн. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кармалган жарандар Фергана облусунун 1994-жылы туулган М.А. аттуу жана 1999-жылы туулган М.М. аттуу тургундары.

"1999-жылы туулган жарандын айтымына караганда, октябрь айында жашоо шартынын оордугуна байланыштуу Кыргыз өлкөсүнүн аймагына сойкулук жасоо үчүн мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгүн жашырган жок. Ал экинчи кармалган М.А. менен бир батирде жашашкан. Өзбекстандын жарандары тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз түрдө бузуп өтүү фактысы боюнча топтолгон материалдар жана кармалган жарандар улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине иликтөөнү улантуу үчүн өткөрүлүп берилди", - дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.11.2020. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эх, жашоо жакшы болсо бул жакка келишмек эмес.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: