"Көптөн күткөн күн!". Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрында "Жат эмесмин" спектаклинин бет ачары өтөт







Бишкектеги Бакен Кыдыкеева атындагы кыргыз мамлекеттик жаштар театрында бүгүн, 11-ноябрда "Жат эмесмин" спектаклинин бет ачары коюлат. Бул тууралуу аталган театрдын адабий бөлүм башчысы Ырысгүл Изатова билдирди.
"Бүгүн саат 18:00дө Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрында "Жат эмесмин" драмасынын бет ачары коюлат. Ага чакырылган адамдар келет жана бардык санитардык эрежелер сакталат", - деди ал.
"Жат эмесмин" драмасы репрессиянын 90 жылдыгына жана Жаштар театрынын негиздөөчүлөрүнүн бири Өмүрзак Токтомуратовдун 35 жылдыгына арналат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.