super.kg logo

Садыр Жапаров Улуттук илимдер академиясына 300 миллион сом бөлүнөрүн айтты

 
Улуттук илимдер академиясынын техникалык базасын жаңылоо жана башка керектөөлөрү үчүн 300 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Улуттук илимдер академиясына барганда айтканын президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров академияга Илим күнүнө карата илимпоздорду куттуктоо үчүн барган. Садыр Жапаров Улуттук илимдер академиясына болгон сапарында илимдин коомдогу ролу маанилүү экенин белгилеп, илимпоздор коомдун - жүзү деп атаганы маалымдалат. Бөлүнө турган каражат бюджеттик эмес булактан алынары айтылды.
"Биздин коомдун каймактары болгон интеллегенция өлкөдөгү социалдык-экономикалык процесстерге тартылбайт. Буга негизги себептердин бири мамлекеттин жетиштүү деңгээлде илимге көңүл бурбай жатканы. Мындан улам биздин илимпоздор жөнөкөй турмуш шарттары менен алпурушуп калып жатышат. Менин оюмча, илимпоздордун миссиясы өкмөттүн стартегиясын коомчулукка жеткирүү, аткаруу бийлигине приоритеттерди орнотууга жардам берүү. Ондогон жылдар бою илим чөйрөсү системдик маселелер менен алпурушуп келе жатат. Илим жок экономика жана жалпы эле мамлекеттин өнүгүшү оор болот.
Реформа жүргүзүүдө алдыңкы орундарга илим туруш керек. Өкмөт экономиканы турукташтыруу боюнча чоң максаттарды койду. Бирок алардын ишке ашышы иштин жаңы ыкмалары жана жаңы технологияларсыз мүмкүн эмес. Өнүккөн өлкөлөрдө илим жогорку деңгээлде турат. Мамлекеттеги көп маселелерди илим аркылуу чечүү зарыл" ,- деди Жапаров.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: