super.kg logo

“Атаң кумар ойноп, 4 миллион 300 миң сом карызы бар". Жалал-Абадда опузалап ири суммада акча талап кылгандар кармалды

 

Жалал-Абад облусунда жаранды опузалап ири суммада акча талап кылгандар колго түшүрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-ноябрь күнү Жалал-Абад ОИИБине Сузак районунун 29 жаштагы тургуну кайрылган. Арызда Сузак районунун тургуну арыз ээсин “атаң кумар ойноп, 4 миллион 300 миң сом акча карызы бар, ошону сен бересиң, болбосо өлтүрөм, үй-бүлөңө тынчтык бербейм” деп опузалап коркутушкан. 6-ноябрь күнү аталган жаран эки шериги менен келип, "жер үлүшүңдү менин атыма өткөрүп бер жана 700 миң сом акча бересиң" деп айтып, кетип бара жатып 5 миң сом акча алып кетишкен.

Аталган арыз боюнча топтолгон факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Териштирүү ишинде Сузак районунун 40 жаштагы тургуну У.Д. жана Чоң-Алай районунун 38 жаштагы тургуну А.Б. жана 43 жаштагы Ш.А. аттуу тургуну Бишкек-Ош авто жолундагы унаа токтотуучу жайлардын биринен 110 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалган. Шектүүлөрдүн бири ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо тургандыгы аныкталган.

Жалал-Абад шаардык соту шектүүлөрдүн бирөөсүн 2 айга камакка алган жана экинчисин үй камагына чыгарган.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
11.11.2020. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саяк журсонор бир куну таяк жейсинер да.
11.11.2020. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушуга окшогон рекетер жок болоор күн келээр бекен. Карап көрсөң дүйнөнү каралар башкарып жаткандай
11.11.2020. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бети башын ачып фамилия атын толук жазып кайсы жерде туулуп оскон жана туруктуу жашай турган жерин толук жазсаныздар супер инфо.Буга окшогон шакалдар толтура.Адам укуктарын тебелеп,канча аламдарды баткака батырган.Тууган уругу жакындары билсин ушуга окшогон ууруларды
12.11.2020. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Уй камагына чыгарганы "барып коркутуп заявлениесин алдырып кел" деп жибергени!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: