super.kg logo

"Кыргыз Алтын" ишканасынын жетекчиси иштен алынып, жоопкерчилиги каралышын талап кылган митинг өттү

 

Бүгүн, 11-ноябрда өкмөт үйүнүн алдында Эмгекчил, Казарман жана Кемин айылдарынын тургундары митингге чыгышты.

Нааразы болгон тарап премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдон "Кыргыз Алтын" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Алмаз Алимбековду кызматынан алынуусун талап кылышты.

Айтымдарында, ишкананын жетекчиси иштен алынып, жоопкерчилиги каралышы керек.

"Солтон Сары" алтын кенин иштетип жаткан кытайлык компания экологияга чоң зыян келтирип жатат. Мындан сырткары компания иштеп баштагандан кийин мейманкана комплекси, эт комбинаты курулары убадаланган. Алардын бири дагы аткарылган жок. Кенден алтын уурдалган фактылар дагы бар. Ушунун баарына жол берген жетекчи иштен алынып, жоопкерчилиги каралышын талап кылабыз", - деди митингдин катышуучуларынын бири.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: