"Көпчүлүк аймакта жаан-чачын күтүлөт". 12-ноябрга карата аба ырайы
Эртең, 12-ноябрда түнкүсүн Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде нөшөрлүү жаан жаайт.
Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү пайда болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 6…11;
Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз +5…+10;
Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +7…+12;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+12;
Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +6…+11 градус жылуу болот.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жамгыр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +8…+10 градус болот.
