Шайлоо өнөктүгүнө катышуу үчүн БШК 217 маалымат каражатын аккредитациядан өткөрдү
Шайлоо өнөктүгүнө катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы 217 маалымат каражатын аккредитациядан өткөрдү. Бул тууралуу комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 56 телекомпания, 28 радиостанция, 61 гезит жана журнал, 72 интернет-басылма каттоодон өттү.
Президенттик шайлоо 10-январга белгиленген.
Буга чейин Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай), Назарбек Нышанов, Кубан Чороев, Бектур Асанов, Адахан Мадумаров, Канат Исаев, Абдыкаар Сыдыков, Бакыт Бакетаев, Сазыкбай Турдумалиев, Нурлан Мотуев, Рашид Тагаев, Жеңишбек Байгуттиев, Клара Соорокулова президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арызын БШКга тапшырган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.