Индияда үлпөт той үчүн фотосессияда жаш түгөйлөр каза болушту
Индиянын Карнатака штатында үлпөт той алдында фотосессия кылып жатып, түгөйлөр каза болушту. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Анда жазылгандай, окуя Индиянын Кавери дарыясында болгон. Түгөйлөр фотограф менен бирге кайык алып, дарыянын ортосуна чейин баруу үчүн жол тартышат. Кайык болжолдуу 30 метр сүзгөн соң, алар сүрөткө түшө баштайт. Кыз бийик такалуу бут кийим кийип алгандыктан, турган жеринде тең салмактуулукту жоготуп, сууга кулап кеткен. Ал эми аны сактайм деп түйгөйү да сууга секирген. Тилекке каршы, экөө тең сүзгөндү билбегендиктен чөгүп кетишкен.
Жерине келген куткаруучулар суудан жансыз денелерди алып чыгышкан. Учурда изилдөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:01
2025-06-30
20:44
2025-06-29

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(1)
nazarnew

12.11.2020. 14:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бейиште бактылуу болушсун.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.