Президенттик шайлоого аттануу үчүн 15-талапкер БШКга арыз берди
Президенттик шайлоого аттануу үчүн Азамат Эсенбеков Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ал Чүй облусунун Москва районунун акими болуп иштеп келген.
Президенттик шайлоо 10-январга белгиленген.
Буга чейин Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай), Назарбек Нышанов, Кубан Чороев, Бектур Асанов, Адахан Мадумаров, Канат Исаев, Абдыкаар Сыдыков, Бакыт Бакетаев, Сазыкбай Турдумалиев, Нурлан Мотуев, Рашид Тагаев, Жеңишбек Байгуттиев, Клара Соорокулова президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арызын БШКга тапшырган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
2

