Чыныбай Турсунбековдун кызы: "Пандемияда унаасын 2 ампула дарыга алмаштырган учур болду"
Анда Айдай Турсунбекова пандемия маалында жакындарын жоготкон адамдардын атынан сүйлөп жатканын айтып, коронавируска байланыштуу 4 негизги маанилүү учурду белгилеген.
"Биз жакындарыбызды кайтара албайбыз. Бирок биз өткөн тозоктон силердин өтүшүңөрдү каалабайбыз. Коронавирустан улам жакындарын жоготкон адамдардын көбү бүгүнкү күнгө чейин депрессияда жүрүшөт, айрымдары психотерапевттин жардамына муктаж. Ошондой эле көбү үй-бүлөсүн баккан жалгыз адамын жоготуп, учурда жашоо үчүн күрөшүп жатышат. Бизде суроолор дагы деле абдан көп. Эмнеге ооруканалар даяр эмес болду? Эмнеге медициналык персонал даяр эмес болду? Эмнеге дары-дармектер жок болду? Болсо дагы 3 эсе кымбат сатылды? Бул жерден төрт маанилүү учурду белгилегим келет.
Биринчиден, бул медициналык персоналды окутуу, пандемияга даярдоо маселеси. Биз аларды даярдыктан өткөрүү сапатсыз болгон деп эсептейбиз. Мисалга алсак, протокол №3 137 беттен турса, протокол №4 177 беттен турган. Силер ар бир дарыгер чынында эле ал протоколдорду толук окуп, түшүндү деп кепилдик бере аласыңарбы? Биз күмөн санайбыз. Бизде ар бир дарыгер алына жараша, ар кандай ыкма менен дарылады. Көп учурда протоколдо корсөтүлгөн сунуштамалар аткарылбай жатты.
Экинчиден, дары-дармектер, баарыбыз жайында алар жетишсиз болгонун жакшы билебиз. Биз ошондой эле дары-дармектердин баасына карата өтө катуу көзөмөл жүргүзүлүшүн талап кылабыз. Бизде фармакологиялык компаниялар жеңилдетилген салык төлөшөт. Анда эмнеге Кыргыз өлкөсүндө дарынын баасы Европага караганда кымбат турат.
Үчүнчүдөн, кызыл зоналарда кардиологдор, иммунологдор, инфекционисттер, пульмонологдор сыяктуу профилдүү дарыгерлер жетишпей жатты. Дагы жеке мисал келтирейин. Менин атам өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратта 7 сутка жатты. 3 суткада ага операция жасоого туура келди. Ал операцияны жасай алган адам жеке клиникада иштейт экен. Бизге ал дарыгердин телефонун берип "ушуга чалып операция жасап бер деп көндүргүлө" дешти. Демек, саламаттыкты сактоонун жүзү болгон Улуттук госпиталда мындай керектүү адистер жок экен да.
Ишенип койгула эртең дагы жайындагыдай көрүнүш кайталанат. Ошондо биз гана эмес, силер дагы ыйлап калышыңар мүмкүн", - деген Айдай Турсунбекова.
кошулду
Чыныбай Турсунбековдун кызы: "Пандемияга даярдыктар жакшы болбосо, биз гана эмес, силер дагы ыйлап калышыңар мүмкүн"


Бизде закон иштебейт,теледен даарыларга коз салып атабыз текшерип атабыз,бекер даарылап атабыз дешип кундо ырдашат.Бекер дегени менен больницага албаса айтканы бекер да же амблоторныйларга даары дармек бербесе баягы эле карапайым эл кыйналды...
Аллахым колдодубу,кыргыз элим кыйынчылыктан чыгып кеттик,Ичкенибиз чеснок,лимон,ысырык болуп уканыбызды жасап,уйдон чыкпай бала чака болуп тыгылып кар
Азыр эмне адам олбой атабы...
Кундо караганыбыз жанылык куну куру эмес 5-4 тон олум болуп атпат,кимдердин шору катып атат,кимдер кан какшап атат....
Канча бала жетим калып атат,канча эненин коз жашы агып атат...