super.kg logo

"Кызматтан алынсын", "кызматына кайтарылсын", "маяна көтөрүлсүн". Бишкекте күн ичинде 6 митинг өттү

 

Бүгүн, 11-ноябрда Бишкек шаарында ар кандай талаптар коюлган 6 митинг болуп өттү.

Гепатит дартына кабылган жарандардын көйгөйлөрүн чечүүнү талап кылган бир нече адам Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратынын алдына чогулушту. Митингчилерди министрликтин өкүлдөрү кабыл алышып, алардын талаптарын министрге жеткирип, 1-2 күндө маселелерди чечип берүүгө аракет кылышарын убадалашты.

"Кыргыз Почтасы" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин митинги Бишкектин чок ортосунда өттү. Алар кызматкерлердин айлык акылары аз экендигин айтып, "маянаны көтөрсүн же жетекчилер кызматтан кетсин деген" талап коюшту. Мындан сырткары "почточулар" ай сайын төлөнчү премиянын токтоп калганына нааразы.

Борбор калаадагы "Жеңиш" паркында "Акнет" интернет провайдеринин кызматкерлери нааразычылык акциясын өткөрүштү. Кызматкерлер "учурдагы жетекчилик жакшы иштеп жаткандыгына карабай, негиздөөчүлөрдүн бири бут тосуп жатат" деген жүйө менен азыркы жетекчилерин коргоп чыгышкан.

Калган 3 митинг тең Өкмөт үйүнүн алдында өттү. "Түндүк электр" ишканасынын кызматкерлери жетекчиси Улан Астаркуловду кызматтан алып, мурдагы жетекчи Доскул Бекмурзаевди ордуна кайтарууну талап кылса, Эмгекчил, Казарман жана Кемин айылдарынын тургундары "Кыргыз Алтын" ишканасынын төрагасы Алмаз Алимбековду ээлеген кызматына татыксыз деп эсептешет.

Күн ичиндеги 6-митинг "Караван" соода борборунда эмгектенген ишкерлер тарабынан уюштурулду. Алардын "соода борбордун сатыкка коюлушуна каршыбыз" деген дооматын вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева угуп, бул көйгөйдү кийинки аптанын аягына чейин чечип берүүнү убада кылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
11.11.2020. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эшек жайлоо эле болуп баратат Бишкек
11.11.2020. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көнүп алышты,
12.11.2020. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анткени митингсиз маселе чечилбей калды. Ар ким өзүнүн тааныш, туугандарын алып чыгып кызмат талашып калышты
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: