"Гемодиализ алган жарандардын укугу корголбой жатат". Бейтаптар тынчтык митингин өткөрүштү
Саламаттыкты сактоо министрлигинде кечээ, 11-ноябрда гемодиализден өткөн бейтаптар тынчтык митингин өткөрүштү. Анда өкмөттүн чечимине ылайык, "гемодиализ менен жабыркаган бейтаптар эркин тандоо укугуна ээ жана алар өздөрү каалаган гемодиализ медициналык борборун тандап, дарылана алат" деген чечимдин иш жүзүндө аткарылышын жана укуктарын коргоп берүүсүн талап кылышкан. Бул тууралуу митингдин катышуучусу Назгүл Абдукеримова билдирди.
Саламаттыкты сактоо министри менен өткөн тынчтык митингинде, бейтаптар өздөрү каалаган гемодиализ медициналык борборунан дарылана албай, эркин тандоо укугун колдоно албай келет. Экинчи маселе кан көбөйтө турган Рекормон дарысынын ордуна Эпосан деген дарыны берип баштаган. Бул канды көбөйтпөстөн тескерисинче канды азайтып салат. Бул дарыны берүүнү токтотууну талап кылышкан.
"Өткөн аптада Саламаттыкты сактоо министрлигине маселелерди карап, чечип берүү үчүн кайрылганбыз. Министр өзү кабыл алып, "маселелерди чечип берүүгө аракет жасайм, үч күн убакыт бергиле" деген. Андан бери канча күн өттү биздин талапты чечип берүүдөн качып, жооп бербей жаткандыгына байланыштуу министрликке барып тынчтык митингин өткөрдүк. Анда дагы беш саат эшикте күтүп тургандан кийин кабыл алды. Бирок биздин талап боюнча жооп бербей коронавируска байланыштуу көйгөйлөрдү сүйлөп, 10 мүнөттөн кийин чыгып кетти. Биз өз укугубузду коргоо үчүн эми өкмөт аркылуу маселени чечүүгө аракет кылабыз", - деп билдирди митингдин катышуучусу Назгүл Абдукеримова.
"Мен 8 жылдан бери Рекормондон башка эч кандай препарат алган эмесмин. Бир жолу Эпосан алып, андан реакция жүрүп кеткен. Бул даары биздин ооруканадагы бейтаптарга 100 пайыз жакпайт. Бул боюнча арызыбызды жөнөткөнбүз. Биздин башкы бөлүмдүн директору кабыл албай койду. Укугубуз аябай тепселип жатат. Эпосан дарысы эч кандай жардам бербейт, бизге кайрадан Рекормонду берүүнү талап кылабыз", - деди диализ алып жаткан Гулжан Мамытова.
Бул маселелер боюнча SUPER.KG порталы Саламаттыкты сактоо министрлиги менен байланышканыбызда төмөндөгүчө жооп берди.
"Коюлган талаптар боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Медициналык бөлүмдүн башчысы талаптарды карап чыгып, суроолорду чечип бергенге аракет кыларын жана азырынча бул маселелер чечиле электигин түшүндүрдү", - деп билдирди аталган министрликтин басма сөз кызматынан.
Эске сала кетсек, буга чейин гемодиализ алган жарандардын укугу корголбой, бейтаптар министрликке нааразы болуп жаткандыгы тууралуу маалымдалган.
Автор: Гүлдана Мамадали кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.