"Исхак Раззаков атабызга таазим" аттуу адабий-поэтикалык сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болду







Бүгүн, 11-ноябрда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргыз Республикасынын Баатыры, партиялык жана мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына карата 18-30 жашка чейинки жаштар арасында уюштурулган "Исхак Раззаков атабызга таазим" аттуу адабий-поэтикалык сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу "Бириккен жаштар" уюмунун жетекчиси Аскар Шайкидинов билдирди.
Маалыматка ылайык, сынакка республика боюнча 64 жаш акын катышты. Сынактын жыйынтыгында 1-орунду Болот Мамбетисаев "Өчпөс ысым", 2-орунду Эльгиза Бусурманкулова "Улуу жол", 3-орун Сабира Шейшекеевалардын "Исхак Раззаковго" деген ырлары менен жетишти. Жеңүүчүлөр Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, "Бириккен жаштар" уюмунун диплом, ыраазычылык баракчалары жана том китептер менен сыйланышты.
Сыйлоо аземине "Исхак Раззаков" атындагы фонддун төрагасы Замирбек Осмонов, жээни Артыков Бакыт, акын Меңди Мамазаирова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Марат Алышпаев, акын, журналист Сайрагүл Дуулатова, калыстар тобу акын, жазуучу Таштанбек Чакиев, журналист, акын Мая Осмонкулова, журналист, акын Айсулуу Көкөева жана жаштар катышты. Келген коноктор, калыстар жаш акындарга үлгү насааттарын айтышып, чыгармачылык ийгилик каалашты.
Иш-чара Бириккен жаштар уюму тарабынан уюштурулду.
