super.kg logo

"АКНЕТтин" кызматкерлери компаниянын кожоюндарынын бирин колдогон активисттерге каршы митингге чыгышты

 

“АКНЕТ” компаниясын басып алуу аракеттери дагы деле уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда “АКНЕТтин” кызматкерлери митинг учурунда билдиришти. Алардын митингге чыгуусуна компаниянын 3 кожоюнунун бири Кубан Ажимудиновдун тарапташтарынын маалымат жыйын берүүсү себеп болгон. “АКНЕТтин” кызматкерлери маалымат жыйын беребиз дегендерге карата өздөрүнүн каршы пикирлерин айтышты.

10 жылдан бери “АКНЕТте” иштеп келе жаткан кызматкер азыркы жетекчинин жүргүзүп жаткан иши канааттандырып жатканын айтат.

“Көп жылдан бери компанияда иштеп келем. Учурдагы жетекчилик менен иштешүү мурдагы жетекчиликке салыштырмалуу жакшы. Бизге жүргүзүп жаткан саясаты жакшы. Көптөгөн балдардын жолу ачылды. Мурда патент менен иштегендиктен көптөгөн кызматкерлер туруктуу иштебей кетип калышчу. Азыр эмгек китепчеси менен иштеп жатабыз. Материалдык жардамдар берилип жатат. Бүгүн митингге жетекчилердин талашынан бизге зыян тийбесин, ишибиз мурдагыдай улансын, иш ордубуз сакталсын деген талап менен чыктык”, - дейт өзүн Мирбек деп тааныштырган кызматкер.

Компаниянын учурдагы аткаруучу директору Азат Базаркулов 3 жылдан бери компаниянын кожоюндарынын ортосунда талаш-тартыш уланып келе жатканын айтат.

“Алардын талашы 3 жылдан бери уланууда. 6-октябрда Ажимудиновдун туугандары компанияны басып алууга аракет кылышты. Мен ошол учурда иш бөлмөмдө болчумун. Алар “АКНЕТти” башкарууну каалап жаткандарын айтышты, биз дагы “макул, кабинет керек болсо отургула” деп бошотуп бердик. Бирок биз дагы мыйзамга ылайык аракеттерибизди көрөрүбүздү айтып, арыз менен милицияга кайрылдык. Менин билишимче бүгүнкү күндө “мыйзамсыз басып алуу” беренеси боюнча иш козголду. Биздин бир гана талабыбыз бар – кызматкерлердин ишине тоскоолдук жаратпоо жана кожоюндар ортосундагы талаш мыйзам чегинде жүргүзүлсүн. Биздин кызматкерлерибиз менен кардарларыбызга залакасы тийбесин деп жатабыз.

Биз эч кимдин укугун бузган жокпуз, келсин, сүйлөшүү жолу менен чечебиз. Бирок бүгүнкү кылып жаткан иштерин түшүнгөн жокпуз”, - деди ал.

Ал эми маалымат жыйын берген тарап Кубан Ажимудиновго кылмыш иши мыйзамсыз козголгон деген пикирлерин айтышууда. Алар президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровго кайрылуу жасашканын кошумчалашты.

“АКНЕТтин” аткаруучу директору Азат Базаркулов мындай дейт. “Коомдук ишмерлер коррупция менен күрөшүүнү "АКНЕТтен" баштасын дешти. Буга каршы эмеспиз. Бизде материалдардын баары бар, алар тергөөчүлөрдө, сотто. Туура эмес болсо тергөө дагы башталмак эмес. Бухгалтердик, аудитордук экспертизалар жүргүзүлүп, Эсеп палатасынан, Салык кызматынан, социалдык фонд тарабынан дагы текшерүүлөр жүргүзүлгөн. 700 миллион сомдой акча жөн жерден чыккан жок да. Ошондуктан коомдук ишмерлерден суранат элем, тергөөгө, сотко катышкандан кийин анан ойлорун айтса...”.

Кубан Ажимудинов “АКНЕТтин” кожоюндарынын бири жана ал компаниянын 33, 34 пайыз үлүшүнө ээ, тиешелүү төлөмдөрдү алып турат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: