super.kg logo

Садыр Жапаров форма-2ни жокко чыгаруу, шайлоо күрөөсүн жана босого пайызын төмөндөтүү боюнча мыйзамга кол койду

 

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзамына кол койду.

Мыйзам ушул жылдын 22-октябрында Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам жарандардын кызыкчылыктарын билдирген саясий күчтѳрдүн парламенттеги ѳкүлчүлүгүн кеңейтүү үчүн укуктук шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан.

Аталган мыйзам менен киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, төмөнкүлөр каралган:

Кыргыз Республикасынын аймактарынын ичинде толугу менен 2-форма менен арыз берүү жокко чыгарылды. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн шайлоочулар гана 2-форма менен арыз берүүгө укуктуу;

Шайлоо күрөөсү президенттикке талапкерлерге, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партияларга добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 1 пайыздан кем эмесин алгандарга кайтарылып берилет (мурун бул көрсөткүч 5 пайыздан кем эмес болчу);

шайлоо күрөөсү 5 миллион сомдон 1 миллион сомго түшүрүлгөн;

шайлоо босогосу 7 пайыздан 3 пайызга түшүрүлгөн.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.11.2020. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эртең баш мыйзамды өзгөртсөңөр бул мыйзамыңар суу кечпей калат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: