super.kg logo

Мектептеги окуучулардын тамактануусу боюнча tamakash.edu.gov.kg порталы ишке кирди

 

Мектептеги тамактануу жөнүндө tamakash.edu.gov.kg порталынан билсе болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өсүп келе жаткан муундун ден соолугуна кам көрүү менен Бириккен улуттар уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (ДАП) Билим берүү жана илим министрлиги жана орусиялык Тармактык тамактануу институту (SIFI) менен биргеликте мектеп окуучуларынын тамактануусу жөнүндө tamakash.edu.gov.kg. жаңы порталы ишке кирди.

"Сайттан баланын мектептеги жана үйдөгү тамактануусун кантип жакшыртуу керектиги жөнүндө кеңири маалыматтарды таба аласыздар, ошондой эле ата мекендик мектептердин ден соолук үчүн пайдалуу ысык тамактанууну уюштуруудагы мыкты тажрыйбалары менен тааныша аласыздар", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө Орусия Федерациясы тарабынан каржыланган БУУ ДАП программасын активдүү ишке ашыруунун жыйынтыгында, Кыргыз өлкөсүндө 500дөн ашуун мектеп балдарга ысык тамактанууну сунуштоодо. Менюну даамдуу жана ден соолукка пайдалуу тамак-аштар менен түрлөнтүү максатында "Мектептик тамактандыруу үчүн тамак-аш даярдоо китеби" иштелип чыккан, анда сиңимдүү тамак-аштардын 120дан ашуун түрү сунушталган. Көптөгөн мектептерде, анын катарында алыскы райондордогу мектептерде тамак-ашты заманбап жабдууларда даярдашат, ал эми мектеп ашпоздору үзгүлтүксүз адистигин жогорулатып турушат. 2023-жылга карата өлкөнүн бардык мектептерин түрлүү ысык тамактандырууга өткөрүү пландаштырылууда.

Мектептеги толук кандуу ысык тамактануу - бул жөн гана булочка менен чай ичүү эмес. Балдар күн сайын ысык тамактануу (шорпо же ботко), жаңы бышырылган нан азыктарын жана компот алышат.

#2 Сынак «Апалар жана аталар пайдалуу тамак-аш даярдашат» https://clck.ru/RmS4M

tamakash.edu.gov.kg сайтындагы «Суроо берүү» кошумча баракчасында, кеңири маалыматтарды ала аласыздар же суроолоруңузду берсеңиз болот, же controledu@bk.ru дарегине жазып, кайрылсаңыздар болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: