14 саат тынымсыз манас айтып "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүүнү көздөгөн манасчы Дөөлөт Сыдыковдун өмүр баяны
Бүгүн, 12-ноябрда “Ала-Тоо” борбордук аянтында манасчы Дөөлөт Сыдыков манас айтып жатат. Ал 14 саат бою токтобой, тынымсыз улуу баянды айтып, "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүүгө аракет кылууда.
SUPER.KG порталы окурмандарды манасчынын өмүр баяны менен тааныштырат.
Манасчы 1983-жылы 25-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Шор-Булак айылында туулган. Сыдыков Калый Молдобасанов атындагы кыргыз улуттук консерваториясынын салттуу музыка жана фольклор бөлүмүн аяктаган.
2010-жылы Токтогул Сатылганов атындагы №69 мектеп-гимназиясында мугалим болуу менен эмгек жолун баштаган.
2011-2012 — Улуттук консерваторияда "Манас таануу" боюнча окутуучу;
2012-жылдан бери Коомдук телерадиокорпорацияда редактор, алып баруучу;
2014-жылдан тарта "Саякбай манасчы" коомдук фондусунун мүчөсү.
Манасчы үй-бүлөлүү, жубайы режиссер Ырыс Окенова экөө 4 баланы тарбиялап келишет.
