Тышкы карызды төлөөгө которулган акча каражаттарын топтоо боюнча токтом долбоору даярдалды
Каржы министрлиги тышкы карызды тындыруу үчүн акча каражаттарын топтоо жөнүндө өкмөттүн токтом долбоорун даярдады. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, токтом долбоорунун максаты, эл аралык финансылык институттардын жана чет өлкөлүк донорлордун алдындагы милдеттенмелерди төлөө боюнча мамлекеттик бюджеттин жүгүн азайтуу, ошондой эле Кыргыз өлкөсүнүн тышкы карызын тындыруу үчүн юридикалык жана жеке тараптардан ыктыярдуу которулган акча каражаттарды топтоо болуп саналат.
"Кыргыз Республикасынын тышкы карызын тындырууга өкмөттүн көмөк көрсөтүү боюнча калктан түшкөн кайрылууларга байланыштуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тышкы карызын тындыруу үчүн өзүнчө эсептердеги каражаттарды пайдалануу жана түшүү эсебин камсыздоо максатында, өкмөттүн токтом долбоору демилгеленди", - деп айтылат маалыматта.
