super.kg logo

Карабахтагы тынчтыкты сактоо үчүн Орусиянын согуштук тик учактары колдонулат

 

Тоолуу Карабахтагы Армения жана Азербайжан өлкөлөрүнүн ортосундагы тынчтыкты сактоо операциясына Орусиянын аэрокосмостук күчтөрүнүн Ми-8 жана Ми-24 аттуу согуштук тик учактары колдонулат. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги билдирген.

"Тик учактар ​​ок атууну токтотуу жана аскердик операцияларды көзөмөлдөө аймактарына абадан байкоо жүргүзүү үчүн колдонулат", - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда 8 тик учак Еревандагы аэродромго жеткирилген.

Буга чейин Орусия, Армения жана Азербайжандын лидерлери Карабахта ок атышпоо боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышканы белгилүү болгон. Келишим боюнча 10-ноябрда ок атышуу толугу менен токтогон. Мындан тышкары, Азербайжан менен Армения өз позицияларында токтойт, ошондой эле туткундарды алмаштырышы керек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: