"Түркиянын желеги да аралашты". Карабах боюнча келишимге Азербайжан менен Армениянын жарандары кандай реакция кылышты? (фото)
Азербайжандын президенти Ильхам Алиев макулдашуулар Карабах жаңжалын жөнгө салууга чекит койгонун белгиледи.


Азербайжандын президенти Ильхам Алиев макулдашуулар Карабах жаңжалын жөнгө салууга чекит койгонун белгиледи.

Тынчтык орногону белгилүү болгондон кийин Азербайжандын ар кайсы шаарларында майрамдык салтанаттар башталды.

Жүздөгөн адамдар желектерин көтөрүп көчөгө чыгышкан. Арасында Түркиянын желегин көтөргөндөр дагы бар.

Азербайжандыктар кубанып, бийлешип, бири-бирин куттукташты

Коменданттык саатка карабастан,Азербайжан полициясы көчөдө жүргөндөргө тоскоолдук кылган эмес.

Арменияда таптакыр башка маанай өкүм сүрдү. Премьер-министр Никол Пашинян келишимди өтө оор деп атап, бирок андан чыгуунун башка жолу жок экендигин белгиледи.

Ереванда келишим түзүлгөндөн кийин баш аламандык башталды.

Келишимдин шарттарына нааразы болгон армениялыктар өкмөттүн жана парламенттин имараттарын басып алышты.

Ачууланган адамдар өкмөт үйүнө кирип, жыйындар залын талкалап, парламент төрагасын сабап салышты.

Нааразы болгондор трибунага чыгып, Карабахта согуш аракеттерин улантууну талап кылышты.

Митингге чыккандар Пашинянды жана өкмөттүн курамын толугу менен кызматтан кетишин талап кылышты.
Буга чейин Орусия, Армения жана Азербайжандын лидерлери Карабахта ок атышпоо боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышкан. Келишим боюнча 10-ноябрда ок атышуу толугу менен токтогон. Мындан тышкары, Азербайжан менен Армения өз позицияларында токтойт, ошондой эле туткундарды алмаштыруу керек.
Келишим кабыл алынгандан кийин эки өлкөнүн жарандары кандай реакция кылышты? Сүрөттөрдөн билсеңиздер болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:01
2025-06-30
20:44
2025-06-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Chungyz

12.11.2020. 12:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Биз дагы армиябызды бекемдеп бардык кырдаалга даяр болушубуз керек экен дуйно озгоруп жатат путин деле омур бою калкалап турбайт Кыргызстанды
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.